Хабиб менен Тонинин беттеши болбой калды

   Мезгил

 Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен америкалык атаандашы Тони Фергюсондун 18-апрелде белгиленген таймашы болбой калды.

 Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

Мушкер учурда ал дүйнөнү каптап жаткан коронавирустун айынан үйүндө карантинде жатканын билдирди.

“Мен баарын түшүнүп турам, беттештин болбой калышына  силердей эле  мен дагы капаландым.  Бүт дүйнө коронавирус менен күрөшүп, каранинде болуп,бардык өлкөлөрдүн өкмөтү жана ааламдын атактуу адамдары коопсуздукту сактоого чакырык таштап, оорунун жайылышын токтотууга алпурушуп жатат. Анан бир гана Хабиб бардык жоопкерчиликтен эркин болуп, машыгуусу зарыл.  Менин бул таймашта көптөгөн пландарым бар болчу”-деди ал.

Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши 5-ирет өтпөй калды.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *