Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсон 18-апрелде беттешет

Мезгил

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен  америкалык мушкер Тони Фергюсон   2020-жылы 18-апрелде беттешет. Бул тууралуу UFC президенти Дана Уайт  интернеттеги баракчасына аркылуу   билдирди.  

 Маалыматка ылайык, мушкерлердин беттеши  Нью-Йорк шаарында өтөт. UFC президенти Дана Уайттын айтымында  бул 2020-жылдын эң негизги беттеши болмокчу. 

 Белгилей кетсек,  Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши буга чейин ар кандай себептер менен 4 жолу ишке ашпай калган.

Эске салсак, Нурмагомедов 7-сентябрда америкалык Дастин Пуарьени Абу-Дабиде жеңип, UFC боюнча жеңил салмактагы чемпион болгон. Хабиб кармаштын алдында анын келерки атаандашы болууга Фергюсон гана татыктуу экендигин айткан. Ошондой эле  ал  Фергюсондон башка атаандашы болбой тургандыгын билдирген. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *