Хабиб Нурмагомедов Рамазан айында беттешпей тургандыгын айтты

   Мезгил

  Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан мушкер Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши Рамазан айынан улам жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

 Маалыматка ылайык, Хабиб рамазан айы убагында же андан кийин беттешке чыкпай тургандыгын айткан.

Мындан улам UFCнин президенти Дана Уайт мушкерлердин беттешин убагында өткөрүү үчүн жер издеп жатат. Бирок азырынча кайда өтөөрү айтыла элек.

 “Мен өзүмдүн ден-соолугумду билем. Андыктан мен Рамазан айы учурунда же андан кийин дароо бетешке чыкпайм. Мага жок дегенде эле калыбыма келиш үчүн 45 керек”-дейт Хабиб Нурмагомедов.

Белгилей кетсек, буга чейин орусиялык мушкер Хабиба Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун беттеши 18-апрелде Нью-Йорк шаарында өтөөрү жарыяланган.  Бирок коронавирустан улам буга тыюу салынган.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *