Хабиб Нурмагомедов жакын арада карьерасын жыйынтыктайбы?

Мезгил

Россиялык мушкер  Хабиб Нурмагомедов жакын арада карьерасын жыйынтыкташы  мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.  

Маалымдалгандай  ал алдыда  үч  беттеш өткөргөн соң UFCден кетет.

 Спортчунун башка максаттары бар экенин атасы Абдулманап Нурмагомедов телеканалдардын бирине билдирген.

 Атасы   уулу Хабиб  үч негизги беттештен кийин чоң спорттон кетээрин максат кылып жатканын айтты.  

Ал белгилеп кеткендей,  Нурмагомедов баардык беттештерин жеңиш менен аяктап келет. Ошондой эле ал 30 беттеш өткөрүп баарын тең жеңишке  жетишип, жеңилбеген спортчу аталгысы  келээрин айтат.

  Эске салсак, орусиялык мушкердин алдыдагы беттеши ушул жылдын  сентябрь айында орун алмакчы. Анын атаандашы америкалык Дастин Порье болмокчу.

Бүйүр кызыткан  UFC мелдеши 7-сентябрда Абу-Даби шаарында болот.

 Абдулманап Нурмагомедов кошумчалап кеткендей, ал негизги атаандашы болгон Тони Фергюсон менен беттешкиси келээрин  да баса белгиледи.

30 жаштагы Нурмагомедов 27 беттешке чыгып, баарында тең жеңүүчү болгон. UFC беттештеринде бир да жолу жеңилүү ызасын тарта элек.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *