Ички иштер министрлигинин кызматкери коррупция менен карамалды

  Мезгил

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгындагы коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн,   УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, министрликтин медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан кызмат өтөөгө талапкерлердин маселесин оң жакка чечип, медициналык корутунду бергени үчүн пара алуу фактысы аныкталган.

27-октябрда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында аталган министрликтин медициналык башкармалыгынын башчысы, аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы, полковник Ж.Ж.К. кармалды.

 

УКМКнын тергөө кылмыш ишинин алкагында, Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция кызматынын жаңы түзүлгөн департаментинен ден-соолугунун абалы талапка жооп бербегендиктен (боюнун кыскалыгы, салмагынын ашыктыгы, көзүнүнүн начар көрүшү жана башка), алардан акча каражаттарын алуу фактылары катталгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар 325-беренеси (пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *