Игорь Шестаков: Парламент партиялары элдин колдоосун жоготуп алды

Мезгил

Саясат таануучу Игорь Шестаков парламенттеги партиялардын жетинчи чакырылыштан орун табуу мүмкүнчүлүгү аз деп эсептейт. Өлкөдөгү бүгүнкү саясий абалдын өзгөчөлүгү катары, президенттин Жогорку Кеңеште өз партиясынын жоктугу деп санайт. 2020-жылы боло турган шайлоо мындай абалды өзгөртө алабы? Бул тууралуу Игорь Шестаков ЖКМга пикирин төмөнкүдөй билдирген.

Жогорку Кеңеште иштеп жаткан партиялар элдин колдоосун жоготуп алышты

“Өзүн-өзү таркатуу темасынын активдүү талкууланышынын да жөнү бар. Мунун өзү эле өткөн шайлоодо жеңишке ээ болуп, Жогорку Кеңешке келген бардык саясий бирикмелердин кадыры кетип калгандыгын билдирет. Ушул жылдар ичинде партиялар жана депутаттар натыйжасыз иштешти. Бүгүн коомчулук Жогорку Кеңештен жана партиялардан кандай пайда чыгаарын түшүнбөй турат.

Жергиликтүү бир да партия бийликтин институту катары өзүн көрсөтө алган жок. Бүгүн Кыргызстанда “партия” деп, иш жүзүндө убактылуу кызыкчылыкты көздөгөн партиялык биригүүнү гана атап калышты. Лидер кетери менен, партия да тарап жок болууда.”

КСДП тууралуу

“Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенден кийин КСДП кичине партизандык отряддарга бөлүнүп кулады. Бүгүн ал партия катары өзүн көрсөтө албай тургандыгы ачык болуп, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова сыяктуу Алмазбек Атамбаведин тарапташтары жана башка топтор гана калды. Алар кандайдыр бир саясий билдирүү жасаганы менен, олуттуу колдоо таба албайт болушу керек.”

“Кыргызстан” саясий партиясы тууралуу

“”Кыргызстан” партиясы жакшы съезд өткөрүп, келерки шайлоого катыша тургандыгын билдиргени менен, дароо эле шайлоочулардын жемесине кабылды. Коомдук пикир аларды баш көтөргүс кылып салды. Бирок, эксперимент катары, алдыда дагы эмне болорун карап көрүү керек. Балким “акча мешоктору” аларга жол ачып бериши да мүмкүн”

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы тууралуу

“”Өнүгүү-Прогресс” партиясы жергиликтүү шайлоонун партиясы катары түзүлүп, эл менен сапаттуу иш алып барып, колдоого ээ болуп жана жыйынтыгында Жогорку Кеңешке өтүп үлгү көрсөтө алды. Бирок кийин ал партиянын иши эмне болду, бул башка кеп”.

“Мекеним Кыргызстан” жана “Бримдик” саясий партиялары тууралуу

“Чоң саясатта жаңылардан “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларын белгилеп айтсак болот. “Мекеним Кыргызстан” өзүн айрым региондордогу жергиликтүү шайлоолордо жакшы көрсөтө алды, бирок, андан ашыкчага күчү жетпеди. Бул партия жөнүндө маалымат аз. Бирок анын тизмесинин катарында курулуш бизнесинин өкүлдөрү көп болгондуктан, партиянын айрым мүчөлөрү Матраимовдордун үй бүлөсү менен байланышы бардыгын белгилешүүдө.

Дагы бир партия – “Биримдик”. Жакынкы убактан бери аны КСДПнын депутаты Марат Аманкулов менен байланыштыра башташты. Бул партияга КСДП бөлүнгөндөн калган мүчөлөрдүн, анын ичинен президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кошулаары айтылууда.

Азыр алдын-ала жоромолдорду айтуу кыйын, алар мындай иштерди өтө жашыруун жүргүзүшөт. Бирок, мен өлкөдөгү бүгүнкү саясий абалдын өзгөчөлүгүнө көңүлдү бургум келет. Президент Сооронбай Жээнбековдун өз партиясы жок, эч бир партиянын мүчөсү эмес. Кыргызстанда мурда мындай көрүнүш эч болгон эмес”, – деген Игорь Шестаков.

Бийликтин сүймөнчү партиясы кайсыл?

Ал эми президенттин колдоосуна ээ болгондугу жөнүндө бир эмес, дароо эле бир нече партия билдирип чыгышы мүмкүн. Бирок булардын кайсынысын “бийликтин партиясы” деп атаса боло тургандыгы азырынча белгисиз деген пикирин кошумчалаган саясат таануучу Игорь Шестаков.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *