ИИМ Адил Турдукуловду унуттубу?

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камакка алынгандан соң, анын тарапташтары биринин артынан бири суракка чакырылып, айрымдары камакка алынды. Бирок, Атамбаевдин дагы бир жакын адамы КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Элдик штабдын негизги көрүнүктүү мүчөсү делген Адил Турдукулов бейкапар эч нерсе көрбөгөн-билбеген кишидей, ар кайсы жерде эс алууда жүргөнү көпчүлүктү таңкалдырды. Же УКМК, ИИМ Адил Турдукуловду унутуп коюшту, же ага кезек жете элекпи… Мындан улам Адилди буга чейин бийликтин “агенти” деген шектенүүлөр чындыкка дал келүүдө.  

Эске салсак, Кой-Таштагы мурунку президенттин үйүндө күч органдары менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышып, бир канча киши жабыркап, бир аскер кызматкери октон каза болгон. Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын 6 кишисин барымтага алып, натыйжада Карамушкина, Кодуранова жана Жолдубаева, Равшан Жээнбековдор суракка чакырылган. Буга кошумча башаламндыкты уюштурган 40 киши кармалды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *