ИИМ баласын аёсуз сабаган жаран боюнча билдирүү таратты

   Мезгил

Москвада өзүнүн баласына зомбулук көрсөткөн Ж.Э. аттуу жарандын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-апрелде билдирди.

Кечээ, 17-апрель күнү социалдык тармактарда Москвада жашаган Кыргызстандын жараны бөлмөнүн ичинде жашы жете элек баласына зомбулук көрсөткөндө тартылган видео тарап, ал коомчулук тарабынан талкууга алынган.

Буга байланыштуу ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, видеодогу адамдын өздүгү такталды. Ал Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну, жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экени аныкталды. Ошондой эле иликтөөнүн жүрүшүндө ал үй-бүлөсү менен 2019-жылы 16-октябрда Россия Федерациясына учуп кетишкени маалым болгон.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Россия ИИМнин Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлгөн. Россиянын ИИМнин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ж.Э. аттуу жаран үй-бүлөсү менен убактылуу жашаган дарекке барышып, аталган окуя 16-апрель күнү саат 11:00 чамасында болгону такталды. Баласын сабаган жарандын жубайы окуяны телефонго тартып, WhatsApp мессенжери аркылуу атасына жөнөткөн. Ал эми атасы туугандарына жиберип, ал социалдык тармактарга тарап кеткен.

«Учурда аймактык бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте аталган фактыга юридикалык баа берүү үчүн териштирүү иштери жүрүүдө. Учурда полициянын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган окуяга тиешеси барлар суралууда.

Жогорудагы үй-бүлө үч баланы тарбиялап жатышат. Ошондой эле жубайы кош бойлуу (5 айлык)», – деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *