ИИМ Шамиль Атаханов боюнча: Убактылуу кармоочу жай курорт эмес

Мезгил

Ички иштер министрлиги  бир катар маалыматтык агенттиктерде кармалган Шамиль Атаханов ИИМдин кызматкерлеринин иш-аракетине нааразычылыгын билдиргени боюнча жооп берди.

 Маалым болгондой,  кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов экс-вице-премьер-министрдин жактоочусунун кайрылуусу менен Убактылуу кармоочу жайга барган.

“Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору прокуротурага даттануу арызын жибергенин жана жооптуу милиция кызматкерлери жазаларын ала тургандыгын билдирген маалымат жасаган. Борбордун кызматкерлери ар дайым Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына барып турушат, ошол убакта кармоонун бекитилген режимин билип алышса жакшы болмок.

Ал эми, Шамиль Атахановду кармоодо медициналык күбөлөндүрмөдөн өткөрүшпөгөндүгү жөнүндө даттануусу боюнча Шамиль Атахановдо башка жарандар сыяктуу эле укугу бар жана жарандын конституциялык укугун тепселөөгө эч кимге жол берилбейт. Тилекке каршы, Убактылуу кармоочу жай курорт эмес, УКЖныны кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын денесинде жаракаттар бар экендиги аныктала турган болгон учурда гана медициналык күбөлөндүрмөдөн өтөт.   Ошондуктан, Убактылуу кармоочу жайда укук бузулгандыгы жөнүндө тараган билдирүү чындыкка дал келбегендигин билдиребиз”-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *