Аскат Алиев: Баласын сабаган жарандын аялы кош бойлуу экен, эскертүү берилсинби же кесилсинби? (видео)

   Мезгил

ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев кечээ баласын отжимание жасабайсың деп аны аёсуз сабаган видео боюнча элге кайрылды. Ал бул ишти ички иштер миниистри Кашкар Жунушалиев өзү көзөмөлгө алганын айтты.   

“Кармалган Эмилбек аттуу жаран беш жылдан бери Москвада үй-бүлөсү менен жашайт, 3 балалуу. Аялы экөө дворник болуп эмгектенгенин айтышты. Үйүнө барып таанышып чыктым, жашоо шарты абдан начар экен. Аялы ыйлап, “күйөм камалып кетсе 3 баламды кантип багам, төртүнчүсүн төрөгөнү жатам”-деп жалбарып жатат. Элде ар кандай талаптар коюлуп, камалсын дешүүдө. Мен коомчулукка кайрылат элем, уулун сабаган адамды 4-5 жылга эркинен ажыратуу туурабы же эскертүү берилсинби?”-деп суроо койду ал.  

 Ал эми интернет колдонуучулар аны аталык укугунан ажыратып, өзүн камакка алуу талап кылууда.

  Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *