ИИМге жаңы келген Памирбек Асановду неге кубалашат?

   Мезгил

Factcheck.kg” сайты ИИМдин орунбасары Памирбек Асановду жаш курагына байланыштуу кызматынан кетиши керектиги тууралуу жазып чыкты. Памирбек Асанов 16-октябрда 55 жашка толуп, туулган күнүн белгилеген.

Factcheck.kg” “Ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, жетекчилик орунда иштеген, орто жана улук наамдары бар кызматкер 55 жашында иштен бошотулушу керек. Андан тышкары өз каалоосу менен 50 жашында отставкага кетсе болот деген жүйө келтирген.

Памирбек Асанов ички иштер министринин орун басары болуп ушул жылдын 13-августунда дайындалган. Ал чуу менен кызматтан кеткен Курсан Асановдун ордуна келген. Аны бул кызмат ордуна дайындап жатканда министр Кашкар Жунушалиев жаш курагына көнүл бурганды унутуп калса керек. Эми 2,5 айлык орун басарды кызматтан кетиреби же ордунда калтырууга омоктуу негиз таап калтыра алабы?

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *