Ийгиликсиз операция үчүн УКМК төрагасы отставкага кетиши керекпи?

Мезгил

Кечээ, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын баштап, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Мындан улам эл менен кагылышуу күч алып, операция ишке ашпай калган. Мындай ийгиликсиз операцияга ким күнөлүү? 

Атамбаевди кармоого болгон атайын операциянын тартылышы туура эмес экенин мурдагы премьер-министр жана УКМКнын мурдагы төрагасы Феликс Кулов өз пикирин билдирди.

– Бул пландалбаган, ойлонулбаган, өтө шалаакы адам даярдаган чеберсиз операция болду. Мындай операцияларды дыкат даярдап, ойлонуп, ар кандай тобокелдиктерди баалап, анан даярдашы керек эле. Кан төгүүлөр болбош үчүн объектиде эмне болуп жаткандыгы тууралуу толук маалымат болушу зарыл. Ушундай оор кырдаалга кептелген балдарга боорум ооруп жатат. Атамбаев күбө катары каралып жатса, аны алып кетүүгө милиция келиши керек эле. Болгондо дагы куралсыз операция болсо туура болмок. Айыпталуучу катары кармагысы келсе, дароо эле басып кирбей, алгач айыбы угузулушу керек болчу  – деди Кулов.

 

Ошондой эле, “мындай «операция» үчүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетиши керек” – деп пикирин билдирген Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

Буга кошумча ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Рафик Мамбеталиев да бул операцияны туура эмес деп белгиледи.

Мындай операция түштөн кийин же кечинде эмес, эртең менен, таң атпай болот. Кечинде атышкандын кажети жок. Атайын операциянын башында ким турса ошол жооп бериш керек. Балдарды жөнөтүп эле койбой, эсептеп, тактап аны координациялаш керек эле. Ушундай болуп кетерин алдын ала көрө билиш керек болчу – дейт Рафик Мамбеталиев.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *