Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды

Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды.

 Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Маалыматка ылайык,  Илмиянов 7 жылга эркинен ажыртылып , 1600 эсептик көрсөткүчтө айыппул салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды.

 Эске салсак, Илмиянов экс президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары таанымал. Ал 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал учурда Бишкектеги УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Илмиянов мамлекет башчынын кеңешчиси жана президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болгон.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *