Иликтөөнүн “баасы”: Матраимовду каралоонун артында Зулпукаров турабы?

Мезгил

Саймаитинин кыргыз “элитасы” менен болгон байланыштары

Түркияда атылган Айеркен Саймаити жөнүндө коомчулукта талкуу күч алып келет. Анын өлтүрүлүшүнүн себептери тууралуу түрдүү версиялар айтылып жатат. Саймаитинин тирүү кезинде кыргыз саясатчылары, консулу, юристи, журналисти менен болгон байланыштары тууралуу белгилүү болгон маалыматарды үчилтик формасында ырааттуу баяндап берели.

 Саймаити “Бир Бол” – Төрөкулов?

Социалдык тармактарда Айеркен Саймаитинин Кыргызстанда түшкөн сүрөтү жарыяланды. “Учур” деп катталган автор сүрөт 1992-жылы Ошто тартылгандыгын жазган. Сүрөттөгү Айеркен Саймаитинин жанындагы киши учурдагы ЖКнын 6-чакырылышынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов деп тастыктайт автор. Ал эми сүрөт тартылган кезде Дүйшөн Төрөкулов депутат эмес болчу, ал Алтынбек Сулайманов менен бирге иштеген деп билдирген. Ошондой эле:

“Саймаити өнөктөштөрүнүн курмандыгы болду. Ал өзбек, тажик бизнесмендеринин акчаларын Түркия менен БАЭге которуп, өз үлүшүн алып турган. Акыркы жолу анын курьерин Манас аэропортунда өлтүрүп. Багажникке жашырып кетишкен. Бул анын өзүнүн да тагдырын чечти”, – деген жазуу калтырган. Азырынча бул чуулуу маалыматка депутаттын өзү да, “бирболчулар” да үн катыша элек.

Эске сала кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Кара-Суунун кулуну, 2009-жылы Баткен бажысында иштеген, 2012-жылы Ош бажысында башкы инспектор болуп, кийин Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетин жетектеп, 2017-жылы “Бир Бол” партиясынын тизмесинен ЖКга депутат болуп шайланат. Албетте, Алтынбек Сулайманов бул сүрөттө жок. Анын Саймаити менен болгон тааныштыгы да ачыктала элек. Бирок бул депутат IV, V, VI – чакырылыштардын депутаты болуп келген. Мурда “Темир” мамлекеттик ишканасынын Ош, Баткен облустарынын өкүлчүлүктөрүндө эмгектенген. ЖМКда Ош шаарынан ири суммадагы миллиондогон долларлардындын тонолгонун “бирболчулардан” шек саган макалалар байма-бай жарык көрүп келет. Саймаити – Сулайманов – Төрөкулов үчилтиги кандай кызыкчылыктан улам куралды экен?

Саймаити Токтакунов – Төрөкулов?

Журналист Али Токтакунов Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу “иликтөөсүндө” депутат Дүйшөн Төрөкулов менен маек уюштурган. Төрөкулов “ошолордун эле колунан келип атпайбы” деген сөзүн кимге багыттап жаткандыгы бүдөмүк болуп калган. Саймаити – Токтакунов – Төрөкулов үчилтигинин өз ара байланышы тууралуу азырынча маалыматтар аз.

 Саймаити Сопоков Токтакунов?

Али Токтакунов Прагадан май айында Стамбулга учуп келип, ал жерден Кыргызстандын консулу Эркин Сопоковго жолукканы айтылат. Андан соң Бишкекке келип “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу чуулгандуу журналисттик иликтөөсүн жарыялайт. Кийин чуулгандуу миллиондор ата мекендик ишкерлердин товар сатып алуу үчүн ортомчу аркылуу которгон акчалары болуп чыккан. Тагыраагы Айеркен Саймаити ишкерлердин акчаларын чет өлкөлөргө которуп, ал кызматы үчүн үлүшүн алып турган. Ошондой эле Али Токтакунов Саймаити менен да жолуккан, чуулуу материалдарды берген, анын уландысы болгон деген да сөздөр айтылууда. Саймаити – Сопоков – Токтакунов үчилтиги максатына толук жете алган эмес. Журналисттик иликтөөнүн экинчи бөлүгү жарык көргөн эмес.

Саймаити – Атамбаев Сопоков?

Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковдун дипмашинасын Саймаити ижарага, айрым маалыматтар боюнча сатуу үчүн алган. Эркин Сопоков болсо, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу, мындайча айтканда, көздөй адамы болгон. Саймаити – Сопоков – Атамбаев үчилтиги жүргүзгөн иштер ачыкка чыгышы күмөн. Анткени бири атылды, экинчиси абакта, үчүнчүсү сырды ачыкка чыгарышы кыйын.

Саймаити – Зулпукаров – Сопоков?

Депутат Төрөбай Зулпукаров Стамбулдагы экс-консул Эркин Сопоков менен тааныш болгонун, анын уулу өзүндө иштегендиги тууралуу жашырбай айтып берди:

“Атасы менен болгон ызы-чуудан кийин арызын жазып кетип калды. Мурда КСДП фракциясынын катчылыгында иштеген. Мен Эркин Сопоков менен жеке тааныштыгым бар. Ал белгилүү акын Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Өз кезегинде ал киши Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Тыгыз байланышта иштегенбиз. Үй-бүлөсүн тааныйм. Сопоковду тааныбайм десем, жигиттик болбой калат го”, – деди эл өкүлү.

Ошол Сопоковдун уулу Азамат УКМКда иштеп жүргөндө пара менен кармалганы тууралуу тартылган видео соцтармакка жайылган. Андагы бийликтин “керемети” менен Азамат жоопкерчиликке тартылбай эле Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы болуп чыга келет. Аягында Зулпукаров айткандай ызы-чуудан кийин ал жерден кетип калган. Саймаити – Зулпукаров – Сопоков үчилтиги терең изилдене турган болсо дагы кызык фактыларды ачып бериши мүмкүн?

Анан калса коомчулукта Али Токтакуновдун Райым Матраимов боюнча иликтѳѳсүнүн да башкы буйрутмачысы Тѳрѳбай Зулпукаров деген сѳздѳр айтылып келет. Эл арасында айтылып жүргѳн аңыз кептерге кѳңүл бурсак Тѳрѳбай Зулпакаров Али Токтакуновдун Райым Матраимовду коомчулукка жаман кѳрсѳткѳн иликтѳѳсү үчүн келе жаткан шайлоодо бир партиядан Жогорку Кеңешке депутаттык орун убадалаган….

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *