Информатика боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык окуучулар байгелүү орундарга ээ болушту

Мезгил

Азербайжандын Баку шаарында өткөн информатика боюнча эл аралык олимпиадага катышкан кыргызстандын окуучулары 3 коло медалга ээ болушту.

Алар Х.Карасаев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Өмүрбек Жамалов, Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин 11-классынын окуучусу Талантбек Жеңишбек уулу жана Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Шабдан Батыркуловдор коло медалга ээ болушту.

Мындан сырткары Оштогу “Сема” лицейинин 11-классынын окуучусу Мирбек Бакиров катышкандыгы үчүн атайын диплом жана белек менен сыйланган.

Бегилей кетсек, олимпиада Азербайжандын Баку шаарында өтүп, ага 87 мамлекеттен 331 окуучу катышты. Мелдеш 2 күн болуп катышуучуларга алгоритмдик тапшырмалар берилген.

Командалык эсепте Кыргыз өлкөсү быйыл 40-орунду ээледи. Өткөн жылы 85-орунду камсыздаган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *