Интерполдун издөөсүндө жүргөн чет элдик жаран Бишкектен кармалды

Мезгил

Бишкекте Интерполдун издөөсүндө жүргөн чет элдик экстремист кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалым болгондой, колго түшүрүлгөн 45 жаштагы киши Тажикстанда төрөлгөн. Ага аталган өлкөнүн Кылмыш кодексине ылайык куралчан аракеттерге жарандарды тартуу, башка мамлекеттердин аймагында согуштук аракеттерге катышуу жана башкаларды тартуу беренелери боюнча айыптар тагылган.

Колго түшкөн киши тыюу салынган эл аралык террордук уюмдун активдүү катышуучусу экени кабарланууда. Ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *