Иорданиядан 5 кыргыз жараны Бишкекке кайтып келди

 Мезгил

Кыргызстандын  тышкы иштер министрлиги Казакстандын тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иорданиядан Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү жолдорун иштеп чыкты. Бул тууралуу  ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 5 жаран Иорданиянын «Air Jordanian» авиакомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу Алматы шаарынын аэропортуна келип конгон, ал жактан Бишкек шаарына атайын унаа менен алынып келишкен.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн Кыргызстандагы обсервациялардын бирине жайгаштырылган.

“Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын  жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *