Ипподром даяр эмес. Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары кечигип башталмай болду (фото)

 Мезгил

Бүгүн, 16-сентябрда  Таласта алгачкы Улуттук көчмөндөр оюндары башталган. Бирок ипподром толугу менен даяр болбой, Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча таймаштар саат 16:00гө жылдырылды.  

Ал эми буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев ипподромду оңдоп түзөө иштери жаан- чачынга карабай түңкү саат  01:00гө чейин кызуу жүрүп жаткандыгын айтып, намыс үчүн оюнга башталганга чейин ишти аягына чыгаарын йткан.

 Маалыматка ылайык турнир көк бөрү боюнча мелдештер менен ачылат.

Жалпысынан программага улуттук спорттун  10 түрү кирди. Алар боюнча ар бир 7 облус жана Бишкек менен Ош шаарлары өзүнүн курама командаларын түзөт. Ат оюндары Талас шаарындагы ипподромдо, күрөштүн түрлөрү ден-соолукту чыңдоо борборунда жана тогуз-коргоол оюну шаардын жанындагы интернатта өтөт. Мындан тышкары, этно-маданий иш-чаралар уюштурулат.

Улуттук көчмөндөр оюндарына карата 120 элчиге чакыруу барактары берилген. Ал эми 10-20 миң конок келе турганы күтүлүүдө.

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *