Иран АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн учагына ракеталык сокку урду

  Мезгил

АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн учагы ” Айн- аль-Асад” базасынын учуп-конуучу тилкесинде ракеталык соккуга учурады.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.  

 Маалымдалгандай, азырынча жабыркагандар жана келтирилген зыян тууралуу маалымат жок экени айтылды. Билдирүүдө чабуул АКШнын Ирактагы “бир нече” объектисине багытталганы жазылат. Алардын ичинен кол салууга “Аль-Асад” тушуккан. Мындай сокку генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин чабуул жасаган тарап билдирген.

 Эске салсак,  3-январда Иранда экинчи таасирдүү адам болгон генерал Касем Сулеймани АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлгөн.

 Маркум генерал өлкөсүндөгү бийликтин иерархиясында турган эң таасирдүү жана кадыр-баркы жогору адамдардын катарында болгон.  2016-жылы президенттикке талапкерлердин бири катары каралган. Анын өлүмү Иранда гана эмес, бүт аймактагы абалга таасир бериши ыктымал. Ал эми  Дональд Трамптын башын алууга 80 миллион даллар сунушталганы Ирандын мамлекеттик телеканалында айтылган. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *