Иран Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

   Мезгил

Иран Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,   Иран Кыргызстанга экинчи ирет гуманитардык жардам берип жатат.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземине Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы К.Шадыханов, Кыргызстандын Ирандагы элчиси А.Абдуразаков жана Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази катышкан. “Иран тарабынан өздөрүндөгү коронавирус менен күрөшүүдөгү кыйынчылыктарына карабай гуманитардык жардам көрсөтүп жатканы эки өлкө ортосунда өз ара колдоого негизделген боордоштук алака бар экенин айгинелейт”, – деп билдирет министрлик.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *