Иранда авиакырсыкка кабылган учак жаңы болчу

Мезгил

Иранда учак кырсыгына кабылган Украинанын учагы дээрлик жаңы болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

 Маалыматка ылайык,  Boeing 737-800 учагы жаңы болчу.  “Украинанын Эл аралык авиалиниялары” компаниясы учакты 2016-жылы сатып алган.

Boeing компаниясы учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин тактап жатат.

“Биз учак кырсыгы тууралуу маалыматты маалымат каражаттарынан уктук. Азыр маалыматтарды чогултуп жатабыз. Азырынча учактын кара кутусу табыла элек”-дейт компания.

Белгилей кетсек, бүгүн 8-январда Украинанын Киев шаарына багыт алган учагы Иранда кырсыкка кабылган. Учакта 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү  болгон. Алардын баардыгы каза болду.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *