Иранда кырсыкка кабылган Украина учагындагы жүргүнчүлөрдүн баары каза болду

Мезгил

Иранда кырсыкка кабылган Украинанын учагынын ичиндеги 180 жүргүнчүнүн баары каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.  

Маалыматка ылайык, Ирандын борбору Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндөн кийин кулаган украиналык учактын бортундагы жүргүнчүлөрдүн баары мерт болду.

  Boeing 737-800 үлгүсүндөгү аба кемеси Тегеран — Киев багыты боюнча учуп чыккандан эки мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен.

Ирандын Авиация министрлигинин өкүлү Джаафар Заденин айтымында, учактын ичинде 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болгон.

Азыркы тапта Украинанын Ирандагы элчилиги каза болгондордун аты-жөнүн тактап жатат.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *