Ирандыктарча “чапма нике” тууралуу Чубак ажыга суроо узатабыз

Мезгил

Атың өчкүр, ВВСнин Араб кызматы мусулмандардын акылга сыйбаган жосунун камырдан кыл сууругандай сууруп чыкты. Багдаддын ири мечиттеринде иштеген нике агенттиктери “чапма нике” кыят имиш. Маалымат агентигинин билдирүүсүндө мындай никелердин мөөнөтү адатта 1 саатка чейин созулат. Айрым чуурларда 9 жаштагы секелекке атасындай болгон киши деле нике кыя берет экен.

Авторлор Кербеладагы төрт дин кызматкери менен маектешкен учурда анын экөө мындай никеге каршы эмес экендиктерин билдиришкен. Журналисттер убактылуу “үй-бүлө” куруу Ирактын 2 ыйык шаарынын чет жакасына кеңири тараган деп жазышат. Араб тилинде “мут’а” деп аталган, шииттердин көпкө убакка созулбачу нике жөрөлгөсү аял кишилерге акча төлөп берүү менен коштолот. Ал эми сүнөттөрдө бул функцияны “мизиар” аткарат деп жазат.

  Кыргыздарда мурда “чапма нике” деген болгон. Бул ойсекелерге акча төлөп, бир түнгө нике кыйдырып, эртеси “талагын” берип кете берген жосун болгон. Бул туурабы, же туура эмеспи Чубак ажыга сроо узатканы турабыз. Урматуу Чубак ажы:

1) ВВСнин Араб кызматынын журналисттери айткан Ирандагы “чапма нике”, башкача айтканда аялдарга акча төлөп бере турган 1 сааттык “убактылуу нике” тууралуу билген маалыматарыңыз барбы? Бул жоруктун башка мусулмандарга жайылып кетишине кооптонбойсузбу?

2) Кыргыздардагы мурдагы “чапма нике” түшүнүгүнө карат сиздин көз карашыңыз?

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *