Ирандын чабуулунан бир да АКШнын жараны каза болгон жок. Трамп билдирүү жасады (видео)

Мезгил

Американын президенти Дональд Трамп Ирандын ракеталык чабуулунан кийин билдирүү жасады.

Трамптын билдирүүсүндө   Иран америкалык базага анча маанилүү эмес сокку урганын айтат.

“Иран артка чегинди окшойт, бул дүйнө жүзү үчүн жакшы нерсе. Алардын чабуулунан биздин бир да жаран каза болгон жок- деди ал.  

Трамп Вашингтон Тегеранга карата жаңы экономикалык санкцияларды киргизерин белгиледи.

Мындан тышкары, Иран террористтерге колдоо көрсөтүп жатканын айтты. Ошондой эле ал бийликте турганда Тегеран өзөктүк куралга ээлик кыла албай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн учагы  “Айн- аль-Асад” базасынын учуп-конуучу тилкесинде ракеталык соккуга учураган.   Мындай сокку генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу Иран мамлекети жасаганы айтылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *