Ири суммада пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтү кыскарды

Мезгил

Ири суммада пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтү кыскарды.  

Мындай чечимди Бишкек шаардык соту  чыгарды. 

Маалыматка ылайык, Жусубалиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөрдү. Ал 1997-жылы чыккан Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин биринчи пункту («Кылмыштар жыйындысы боюнча сот ар бир кылмыш боюнча өзүнчө жаза белгилейт») боюнча соттун өкүмү менен 12 жылга эркинен ажыратылды. Райондук соттун өкүмүнүн башка бөлүктөрү өзгөртүүсүз калды. 

Белгилей кетсек, буга чейин Биринчи Май райондук соту 30-июлда Жусубалиевди 520 миң доллар алууга макулдашканы боюнча күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан.

 Андан кийин Жусубалиевдин жактоочусу шаардык сотко кайрылып, жараяндар 9-октябрда аяктады.

Бул окуянын айынан Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент тарабынан катуу сынга алынган соң, кызматтан кеткен.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *