Ирина Карамушкинанын бир ооз жели бир жаранды кабырынан козгогону турат

   Мезгил

   Атамбаевдин «батальонунун» ири алдында жүргөн Ирина айым 24 жаштагы Миржан Курманбек уулу 7-8-августтагы окуяларда Кой-Таштан атайын кызматтын балдарынын колунан токмок жеп каза болгон деген маалымат тараткан. Ошондой эле Миржандын сөөгү Таласка коюлса керек деп, Атамбаевдин боштондукта жүргөн тарапташтары бул маалыматты изилдеп жаткандыгын билдирген. ИИМ менен Саламаттыкты сактоо министрликтери бул маалыматты төгүндөп, УКМК Карамушкинага такталбаган маалыматты тараткандар мыйзам чегинде жооп бере тургандыгын эскерткен.

Көрсө Миржан Курманбек уулу 8-августта өзүнө катталган 12-калибрдеги мылтыгын алып, Суусамыр жайлоосуна аңчылыкка барат да, 9-август күнү кокусунан өзүн бутуна атып алат. Ооруканага жеткирип баратканда көп кан кетип калгандыктан жолдо каза болот. Туугандары бул ишти укук коргоо органдарына билдирген эмес. Миржанды 11-август күнү жерге беришкен. Кимдир бирөөлөр бул окуяны сырттан угуп, «узун кулак» айымга «бузук телефон» аркылуу жеткирсе керек. Эми окуянын чын төгүнүнө жетүү үчүн каза болгон жигиттин кабырын казып, эксгумация иши жасалышы мүмкүн. Бул маселени укук коргоо органдары учурда талкуулап жатышат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *