Иса Өмүркулов аламанга “Мекеним Кыргызстан” менен бармай болду

Мезгил

Кыргыз саясатындагы тажрыйбалуу, “карт бөрү” саясатчылардын бири Иса Өмүркулов алдыдагы аламанга “Мекеним Кыргызстандын” байрагы астында бараары маалым болду. Мындай маалыматты партлидер Мирлан Бакиров да ырастап, бирок, Өмүркуловду жарышка тизилген күлүктөрдүн канчанчы катарында экенин айткан жок. Бул жагы эми жакынкы күндөрү БШКнын текшерүүсүнөн соң билинсе керек.

Иса Өмүркулов өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан кийинки кыргыз парламентине 5 ирет шайланган, 20 жыл депутаттык ишмердүүлүк жүргүзгөн тажрыйбалуу эл өкүлү катары белгилүү. Ал 1990-жылдан бери Өмүрбек Текебаевден кийинки эң көп шайланган эл өкүлдөрүнүн катарында тураарын көпчүлүк биле бербейт. Ал эми Өмүрбек Текебаев кыргыз парламентине катары менен 6 ирет шайланып келген “ветеран-депутат” экени жамы журтка белгилүү.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *