Исаевдин күйөө баласынын 200 миң $ уурдаганы чынбы?

   Мезгил

Прокурор Улан Чалбаевди кармоо учурунда 200 миң доллар далилзат уурдалып кеткен. Бул тууралуу укук коргоо кызматкерлери ЖМК өкүлдөрүнө билдирген. Ири суммадагы акчанын УКМК имаратынан уурдалышына Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевдин көздөй күйөө баласы Бакай Ишенгуловдун катыштыгы бар болушу мүмкүн деген версиялар айтыла баштады.

Эске сала кетсек 2018-жылдын апрелинде Башкы прокуратуранын кызматкери Улан Чалбаев ири суммадагы пара алып жаткан учурда кармалган. Аны кармоо учурунда далилзат катары алынган 200 миң доллар акча УКМКнын Бишкектеги башкармалыгына алынып келинет. Айрым маалыматтар боюнча бул сумманы уурдоо дем алыш күнү ишке ашкан. Кызматкерлер эс алып жатканда Бакай Ишенгулов өзүнүн жетекчиси, тергөө боюнча начальнигинин кабинетинен акчаны чыгарып кеткен. Бирок чычкан мурду жөргөлөгүс УКМКнын имаратында ушундай окуя болуп жатса, ал видео көзөмөлгө түшкөнбү же жокпу, эгер түшкөн болсо анда Ишенгулов барбы же жокпу, бул тууралуу официалдуу маалыматтар айтылбай келет.

ЖМКга маалымат бергендер Бакай Ишенгулов “Лексус 570” маркасындагы автоунаа менен жүрүп калгандыгы, ал тургай бул ишти оң жагына чечүү үчүн Канатбек Исаевдин өзү УКМКнын кабинеттерин кыдырып жүргөндүгү тууралуу айтып беришкен. Ал эми Бакай Ишенгулов болсо жумуштан өз каалоосу менен арызын жазып кеткен.

Бул тууралуу УКМК ак да, көк да деп жооп берген эмес. Ал эми Ишенгуловдун жакындары да мындайды биринчи жолу угуп жатышкандыгын айтышкан. Бакайдын кайнатасы Канат Исаев болсо унчуга элек.

Бүгүнкү күндөрдө Улан Чалбаевдин иши Биринчи май райсотунда каралып жатат. Анын жактоочулары далилзат катары алынган 200 миң доллар акчаны сотко алып келүүнү жана акчанын көчүрмөлөрүн жасап, санап чыгууну талап кылышууда. Ал эми сот болсо мындан баш тартып жатат.

Ошентип төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок болуп, ортодо далилзат катары алынган 200 миң доллар акча көз көрүнө уурдалып жатат. Буга чын эле Канат Исаевдин күйөө баласы Бакай Ишенгуловдун катыштыгы барбы?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *