Исаков: Латын алфавити боюнча керектүү жерин жулуп алышыптыр. Буга биздин эл даяр эмес

Мезгил

Буга чейин жаңыдан дайындалган Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков латын алфавитине өтүүнү колдой тургандыгын айтып коомчулукта катуу сынга кабылганы маалым. Ал эми министр бул боюнча телеканалдардын бирине маек берип жатып,  айткан сөзү   башка нукка бурулуп коомчулуктун сынына кабылганын айтты.

“Коомдо ар түрдүү пикирлер жаралып кетти. Окумуштуу катары парламентте суроо берилгенде мунун келечеги жөнүндө түрдүү кырдаалдар жөнүндө ой бөлүштүм.  Бирок анын ичинен жулуп алып башка өңүткө күчөп кетти окшойт. Албетте биз бүгүн ЕврАзЭСте интеграцияланган өлкө катары биз азыр кириллицада  жашап жатабыз. Биздин кошуна өлкөлөрдө латынга өткөндөрү да бар бирок, бирок мунун баары айланып келип канча жылдан бери колдонуп келген китептерибизди латын алфавитине өткөрүү үчүн, азыр да ошондой даярдык процесстери жүрүү үчүн өтө чоң акча каражаттары керек болот. Ага биздин элибиз даяр эмес деп ойлойм. Ошон үчүн азырынча ушул алфавитти, ошол мүмкүн болушунча өзүбүздүн тилибиздин деңгээлин көрсөтүп турган, бүгүн балдарыбыз билим алган. Окуу китептерин кайрадан жазуу. Бүтүндөй бир графиктен экинчиге өтүп жаткан мезгилде эл туташ сабатсыз сыяктуу көрүнүштөр пайда болот. Ошон үчүн биз буга өтө этият барышыбыз керек деп ойлойм. Бул бир топ даярдыкты талап кылган процесс” деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү министри Каныбек Исаков Жогорку Кенеште депутаттын суроосуна жооп берип жатып латын алфавитин өтүүнү колдой тургандыгын айтып, коомчулуктун сынында калган.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *