Исаковдун иш баштаганы чын болсун!

Мезгил

Шаардык эненин ачык пикири

5-октябрда мугалимдер күнү келе жатат. Мурда бул күнгө карата “Класс жетекчиге жана сабак берген айрым мугалимдерге” деп, эң аз болгондо 200 сомдон, көп болгондо 1 000 сомго чейин акча чогултчубуз. Аны мугалимдер “намёк” кылса, активист ата-энелер уялганыбыздан чогултуп берчүбүз. Мектептерде ата-энелер комитети деген бар. Мектеп иштерине кошумча болсун деп, өз алдынча чогулуш өткөрүп, башка мектептердегидей эле фонд уюштурганбыз. Бул мыйзамга туура келет экен. Ата-энелердин арасынан комитеттин жетекчиси, акча чогултуучу бухгалтерлери шайланган. Акча жыйноо иштерин ошолор уюштурат. Ал тургай шаар жерлеринде фонддун банктагы эсептери да ачылган. Биз ошол эсептерге акча которуп, анын дүмүрчөгүнүн көчүрмөсүн балдарыбыз аркылуу комитет жетекчисине, бухгалтерге, же класс жетекчиге бердирип жиберчүбүз.

Менин кызым шаардын борборундагы Окуу-тарбия комплексинде билим алат. Мектептин номерин жазбай эле коёюн, туура түшүнүңүздөр. Бул жерге кызымды кандай жол менен, тааныштарды салып жатып, бир топ эле акча берип киргизгендигимди айтпай эле коёюн. Бирок кызымдын салыштырмалуу мыкты билим алып жаткандыгы мени кубантат. ОТК шаардагы атактуу мектептердин бири болгондуктан жана шаардын калк көп жашаган жеринде жайгашкандыктан бул жерде билим алууну каалагандар көп. Бир каласста 38-40 окуучу окуйт. Окуудан жетишпегендер башка класстарга которулуп, же башка мектепке жиберилсе, ошол эле замат ордуна жаңы окуучу келет.

Кызым сентябрда мектепке барган учурдан баштап ата-энелер комитетинен каттар, ватсап-группалар аркылуу саламдар айтыла баштайт. Ай сайын фондго деп – 400 сомдон, жылына 4 миң сом, күзөтчүгө – 500 сом, мектептин оңдоо иштерине – 500 сом, класстык копилкага – 1 000 сомдон жыйнайбыз. Ошентип жылына 6 миң сомдой акча чогултчубуз. Мындан сырткаркы китептин ижарасы, театр, концерт, көргөзмө дегендер келип калса кызым башкалардан кемсинбесин деп акыркы каткан акчаларымды берген учурларым болгон.

Мени эне катары кубанткан жаңылык Билим-берүү минстрлигине келген жаңы министрдин “мектептеги акча чогултууга” тыюу салган буйругу болду. Ылайым эле баштаган иши оңунан чыгып, айтканын ишке ашырса экен. Бул бир гана менин эмес, жыл аягына чейин фондго деп акча төлөп бүтө албай койгон ата-энелердин жалпы тилеги деп билиңиз!

Айрымдар министр бул ишити баштаганда эле ишке ашпай турган жөрөлгө деп сындап чыгышты. Эгерде сиз дагы мурдагы министр Кудайбердиевадай болуп, “Бүтүрүү кечелери болбойт” деп айтып, анан ата-энелер участкалык милиционерлерди жалдап алып кече өткөрсө “муну билбеймин” дегендей тейде иш алпарсаңыз, айтканыңызды ишке ашыра албасаңыз, ата-энелер сизге да ишенбей калат. Ошондуктан баштадыңызбы, кайра артка тартпаңыз. Биз ата-энелер мектептеги акча чогултууга каршыбыз!

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *