Исфана-Ворух  жана Баткен-Лейлек жолдору жабык

 Мезгил

Исфана-Ворух  жана Баткен-Лейлек жолдору дагы эле жабык. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кыргыз-тажик чек ара аймагында абал өзгөрүүсүз бойдон калууда.

Эки өлкө делегациялары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жергиликтүү бийлик калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Эске салсак, чек арада жаңжал  13-мартта башталган.

Ак-Сай — Тамдык айланма жолду куруп баштаганда, тажикстандыктар буга каршы чыгып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алган. Анда эки кыргызстандык ок жараатын алып, учурда ооруканада.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *