Исхак Масалиев: Үч жыл илгери ушул эле аткаминер ошол эле сотко буйрук берип отурчу

Мезгил

Мезгили келгенде ар кимдин башын азапка малгандар жооп беришет. Бул тууралуу  Исхак Масалиев массалык маалымат каражаттардын бирине маек берип жатып билдирди.

Анда эл өкүлү 2010-жылдан кийин депутаттарды кысымга алуу күчөгөндүгүн, мурдагы чакырылыштын бир топ депутаттары чарбалык же кызматтык укугунан ашыра пайдалануу боюнча жоопкерчиликке тартылбай турган кылмыштарга байланыштуу камакка алынгандыгын айтат.

-Аларды Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси менен камакка алышты, “Жемкорлук” деп, өкүмдү башка беренелерге таяп чыгарышты. Азыр да ошолор кайталанууда. Тилекке каршы, жемкорлукка каршы күрөш менен прокуратура кызматкерлери бийликтин колундагы курал болуп калышты. Кандай бийлик болсо да, аларга кандай бийлик экени маанилүү деле эмес-деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты сотторго баары бир, кимге санкция бериш анын колунда. Айтыштыбы, болду: ушул санкцияны берет. Мына ушул эң чоң азап деп кошумчалайт.

– Таң калыштуу мындай жагдай бар: кайсы бир аткаминерди камакка алууга санкцияны сот берет, үч жыл илгери ушул эле аткаминер ошол эле сотко буйрук берип отурчу. Мезгили келгенде ар кимдин башын азапка малгандар жооп беришет. Азыр СИЗОдо 20 киши отурат, алардын бир нечеси 6-7 айдан бери бир да жолу сурала элек, суракка чакырышпайт. Андай болбош керек. Эгер адам күнөөлүү болсо айыптоо бүтүмүн чыгарып ишти сотко бериш керек, иштин аныгын сот аныктасын-деди Исхак Масалиев

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *