Исхак Масалиев: Коалиция КСДПнын тагдырын чечиши керек

Мезгил

КСДПны оппозициялык азчылыкка чыгарыш керек. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев билдирди.

Эл өкүлү КСДП фракциясын коалициядан чыгаруу боюнча коалициялык көпчүлүк фракциясынын лидерлерине кайрылганы жатат. Ал эки-үч күндүн ичинде расмий түрдө кайрылуу кылганга даярданып жатканын кошумчалайт.

-Коалиция КСДПнын тагдырын чечиши керек. КСДПны оппозициялык азчылыкка чыгарыш керек. Ал эми кийин алар оппозиция болобу же жокпу, өздөрү чечет.Мен былтыр май айында КСДП фракциясын коалициядан чыгарууну сунуш кылгам. Бул азыр да актуалдуу. Эки-үч күндө ошол сунушту кайталаганга даярданып жатам- деди Масалиев.

2018-жылдын 19-апрель күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев  КСДПны оппозицияга калтыруу сунушун жолдогон.

-Кадрды көпчүлүк коалиция тандайт. Көпчүлүк коалициянын башында көп жылдан бери КСДП турат. Алардын тандаган кадрларын көрүп жатабыз, эч нерсени кыйратышпады. Андан көрө, беш фракция коалицияны түзүп, КСДПны оппозицияга калтыралы. Бул коомчулуктун бизге болгон ишенимин да бекемдейт, – деген Масалиев. 

Ошондой эле эл өкүлү алгач фракция жыйынында Сапар Исаковдун жылдык отчетун “канааттандыраарлык” деп таап туруп, кайра пленардык жыйында өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү колдоого алган КСДПга таң калганын билдирген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *