Исхак Масалиев: Отунбаева дөөрүй берет, бир аз унутчаак болуп баратса керек

  Мезгил

Роза Отунбаева бүгүн Текебаев менен Чотоновдун сотуна барып көрсөтмө берди. Анда: “2010-жылдын 12-13-майы өлкө үчүн маанилүү күн (апрель окуясында каза болгондордун кыркылыгы) болгон. Мен анда каза болгондордун ата-энелери менен жолуккам. Биз “Ата-Бейит” комплексине барганбыз. Биз 12-майда чогулдук, өкмөттүн имаратын ыктыярчылар кайтарып турушту. Түштүктөн маалымат тарады, анда Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыков Ошто элди жыйнап төңкөрүш жасоого ниеттенип жатканы айтылат. Биз Дүйшөнкул Чотоновго тапшырма бердик, ал Ошко учуп кеткен”, – деди Роза Отунбаева. 

Биз  “Төңкөрүшкө аракет жасагандыгыңыздар чынбы?” – деген суроо менен депутат Исхак Масалиевге кайрылдык.

– Бул тууралуу соттун чечими бар. Ал жерде менин аракетимден эч кандай кылмыштын белгисин табышкан эмес. Ал эми бийликти мыйзамсыз басып алган топ, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бизди каралашкандыгы жашыруун эмес. Айтылгандардын баары болбогон сөз.

– Демек Роза Отунбаева калп айтып жаткан турбайбы? Сотто берген көрсөтмөсү кандай максатта айтылды деген ойдосуз?

– Дөөрүй берет. Эжекебиз бир аз унутчаак болуп баратса керек.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *