Исхак Масалиев ЖКтин мурдагы депутаты: “Премьер-министр кызматын тапшырса болмок”

   Мезгил

–Исхак мырза, сыртта кризис күн сайын күчөп, абал жакшы жагына өзгөрбөй жаткан шартта өкмөт башчынын өргүүгө чыгып кетиши кандай деп ойлойсуз?

–Бул жагы туура эмес болууда. Ал биротоло кызматын тапшырса болмок. Мен эчак эле айтканмын, ишмердүүлүгүнө байланыштуу кетсин деп. Туура да.

–Мамлекеттик казына буга чейин болуп көрбөгөндөй миң жеринен тешилди. Ошол тешикти бүтөйбүз деп калкка болгон төлөмдөрдү кыскартышууда. Муну менен элди көчөгө чыгарып албайбызбы?

–Андай болушу да мүмкүн. Бирок, кампада акча жок болсо бир нерсени кыскартыш керек. Мисалы, мамлекеттик чыгашаларды. Кээ бир карыз төлөмдөрдү сүйлөшүп, токтотсо болот. Айтор, иштеш керек. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *