Исхак Масалиев: Элдерге жөн эле «Акча албагыла» деп коюу жетишсиз, эч ким укпайт

Мезгил

Масалиев – добуш берүү тууралуу

“Элдерге жөн эле «Акча албагыла» деп коюу жетишсиз, эч ким укпайт. Ошондуктан, мен бардыгына сунушталган акчаларды ала берип, бирок, добушту жүрөктөрү менен бериш керектигин айтып келем».

Масалиев – 9 пайыздык тосмо тууралуу

“Азырынча дагы убакыт бар, 9-пайыздык босого өтө эле жогору экенин дагы деле айта бериш керек. Мындай шарттарда Жогорку Кеңешке байлардан башка эч ким өтпөйт. Ал эми алардын акчасы көп болсо, албетте, алар шайлоо алдындагы кампания менен баштарын оорутпай деле койсо болот, добуштарды сатып алышат да”.

Масалиев келе жаткан шайлоого барар-барбасын чече элек

“Мен бул маселе боюна азырынча ойлоно элекмин, бирок, бир нерсени так кесе айта алам, башка партияга кирбеймин. Мен коммунист болчумун, коммунист бойдон эле кала берем. Буга чейин парламентке каалаган саясий бирикме менен келип, партияңды өзгөртпөсөң болот болчу. Азыр бул жобону мыйзамдан алып салышты. Шайлоого барыш үчүн акчаң көп болуш керек. Менде болгону дыйкан чарбам бар, бизнесим жок. Эми депутат болбой калсам эмне болуптур. Мен депутаттык макамымдан деле өзгөчө пайдаланчу эмесмин”.

Булак:Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *