Ишенбай Кадырбеков: «Шайлоо мезгилинде 14 саясий партия 777,8 миллион сом короткон»

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүүдө эрежелерди аныктаган мыйзамдар топтомуна 13-августта кол койду. Аны ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган. Бул мыйзамдардын текстти өкмөттүк гезиттерге жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы мыйзамдар

“Жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болушу керек”

“Шайлоого алты ай калганда түзүлгөн саясий партиялар шайлоого катыша албайт”

“Оор кылмыш кылганы үчүн соттолуп, бирок соттуулугу алынган жарандар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жана шаарлардын мэрлигине мындан ары шайлана албайт”

Дал ушундай өзгөртүүлөрдү камтыган эрежелер кийинки шайлоолордо колдонулат. Адистер бул мыйзамдар топтомуна принципиалдуу деле өзгөртүүлөр кирбегенин айтышууда. 

Мыйзамга принципиалдуу өзгөрүү киргизилген жок. Аны кабыл албай деле койсо болмок. Эң негизги талап – бул парламент депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын укугун калыбына келтирүү. Бул туурасында коомдук ишмер жана мурдагы депутат Ишенбай Кадырбеков билдирди.

– Азыркы шайлоо мыйзамы боюнча, тилекке каршы, шайлоо бюллетендерине партиялар гана киргизилип, депутаттыкка талапкерлерди тандоо болбой калды. Ушундай негизги кемчиликти оңдошубуз керек. Ал эске алынган жок. Ал жок болсо, акыркы өзгөрүүлөрдүн эч бир маңызы жок болуп жатпайбы. Мисалы, президентти шайлоодо бюллетенде талапкердин аты-жөнү, туулган жылы жазылат. Шайлоочу кимди шайласа, ошого добуш берет.

Мындан сырткары Конституцияга каршы келген “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” мыйзамы боюнча, бюллетенде саясий партиялардын гана аттары жазылат. Демек, азыркы мыйзам боюнча шайлоочу депутаттыкка талапкерге эмес, саясий партияга добуш берүүгө укук берет. Ошентип депутаттар эмес, саясий партиялар шайланууда.  

Парламенттин жыйындар залында шайлоочу тандабаган адамдар эмес, виртуалдык субъект – саясий партиялар отуруш керек. Натыйжада, парламентте эч ким тарабынан шайланбаган адамдар отуруп, чечимдерди кабыл алууда. Шайланбаган адамдардын чечимдерин мыйзамдуу деп табуу мүмкүн эмес  – деди мурдагы депутат.

Ошондой эле,Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет” деп жарыяланып келет, бирок укуктар сакталбай жатат. Маселе өлкөнүн келечеги жана мамлекеттүүлүктү сактоо жөнүндө болуп жатканын билдирди коомдук ишмер.

– Пропорционалдык шайлоо системинин түрлөрү бар. Бизде анын эң начар түрү тандалган, анткени жалпы өлкө шайлоо аймагы деп саналат. Дүйнөдө дээрлик бардык мамлекеттерде мындай жок.

Биз өлкөнүн аймагын ыңгайлуу шайлоо аймактарына бөлүүнү сунуштап жатабыз. Ошондо бир нече жакшы өзгөрүүлөр болот. Биринчиден, формалдуу добуш берүү эмес, накта шайлоо болот. Шайлоочу кимди өзүнүн парламенттеги өкүлү катары көргүсү келсе, ошого добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алат. Экинчиден, парламентте өлкөнүн аймактарынын өкүлчүлүктөрү камсыздалат. Мандаттардын саны аймактардагы шайлоочулардын санына ылайык бөлүштүрүлүш керек. Үчүнчүдөн, талапкерлердин тизмеси партиянын жетекчилигинин каалоосу боюнча же партияга берген акчанын көлөмүнө ылайык эмес, шайлоочулардын добуштарынын санына жараша түзүлүшү зарыл. Ошондо жарандарда талапкерлердин тизмесиндеги кезекке таасир этүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Шайлоо чоң бизнеске айланды. БШКнын маалыматы боюнча, шайлоо мезгилинде 14 саясий партия 777,8 миллион сом короткон. Бир депутаттык мандат үчүн орто эсеп менен алганда 6 миллион сом жумшалган. Добуш сатып алууга кеткен акчаны санаганда партиялардын чыгашасы кыйла көп чыгат. Мындан улам суроо туулат: партиялар кайдан мындай акча табууда? Саясатта кайыр садага жок, жеке кызыкчылыктар гана бар эмеспи. Депутаттын мандаты “товар” болуп калган, партиянын бюджетин бул товарды сатуудан толтурулат. Айрыкча талапкерлердин тизмесиндеги биринчи орундар баалуу болот – дейт Ишенбай Кадырбеков.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарына кол коюшу менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдыкка расмий жол ачты деген пикирлер айтылууда. Анткени Кыргызстанда саясий күчтөрдүн шайлоо алдында биригүү, кошулуу жараяндары башталат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *