Ишкер Тилек Токтогазиев өзүн айыл чарба министрине сунуштады

  Мезгил

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна  Nomad Greenhouse теплицалык агрохолдингдин негиздүүчөсү Тилек  Токтогазиев  талапкерлигин көрсөттү.

Токтогазиев өкмөттөн өзгөрүүлөрдү күткөндөн тажап,  көзөмөлдү өз колуна алууну чечкен.

Ал өзүнүн интернеттеги баракчасына   «Баарын өзгөртө турган мезгил келди! Айыл-чарбаны өнүктүрүш керек»- деген пикирин калтырган.   

  Ошондой эле Токтогазиев айыл чарбаны реформалоо сунушун киргизип,   министрлердин санын кыскартуу керек дейт.

 Ал   Syngenta, Osram, Rijk Zwaan, John Deere, Claas технологиялык компаниялары менен кызматташып  Кыргызстандагы жергиликтүү жашылчалардан тышкары эт, сүт жана башка өндүрүштөрдү кошуна мамлекеттерге алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн айтты.

Эске салсак, бүгүн айыл чарба министри Нурбек Мурашев  отставкага  кеткендигин жарыялаган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *