Исмаил Исаков: Президент Жогорку Кеңештин мыйзамсыз токтомуна кол койсо дүйнөгө шерменде болот элек

Мезгил

Исмаил Исакович кече Президент элге кайрылып бардык маселелер укуктук аянтта болушун баса белгилеп, С.Жапаровдун шайланышы боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кайра артка кайтарды. Бул боюнча сиздин пикириңизди билсек дегенбиз.

–Бул жерде биздин легитимдүү Президент дагы бир жолу ѳзүнүн сабырдуулугу менен ар кандай маселени жети ѳлчѳп, бир кесип чечим кабыл аларын далилдеп, болуп жаткан окуяларга реалдуу баа берип, Жогорку Кеңештин мыйзамсыз токтомун артка жѳнѳткѳнү биринчиден, укуктук баш аламандыкка жол бербей Жогорку Кеңештин депутаттарын укуктук нормалардын алкагында чечим кабыл алууга мажбур кылды. Экинчиден, Жогорку Кеңештин ичиндеги келишпестике, депутаттарга болгон ар кандай ички, тышкы кысымдарга бѳгѳт коюп, алардын эркин иштешине шарт түздү.

Депутаттар анын алкагында ѳздѳрүнүн тѳрагасын шайлашып мыйзам аянтына түшүштү.  Үчүнчүдѳн Садыр Жапаровдун мыйзам алкагында укуктук бардык нормаларды сактоо менен кайрадан шайланып келишине болгон мүмкүнчүлүктѳрүн жумшап ага укуктук жол ачып берди. Тѳртүнчүдѳн, дүйнѳлүк уюмдарга, коомдордун алдында Кыргызстанды, кыргыз элин шермендичиликтен сактап калды. Ойлоп кѳрсѳң Жогорку Кеңештин мыйзамсыз токтомуна кол койсо эл аралык коомго шерменде болот элек. Башка кесепеттерин айтпаганда да.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *