Көбү Бишкектен. Дагы 132 адамдан коронавирус аныкталды

   Мезгил

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 132 учур катталды. Бул тууралуу  онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында Бишкек шаарында 48 кишиден (төртөө башка шаардан келген), Чүй облусунда − 38, Ош шаарында − 13, Ош облусунда −12, Жалал-Абад облусунда – 11, Нарында – 6 жана Талас облусунда 4 адамдан коронавирус табылган.

Жаңы учурлардын 66сында коронавирус байланышта болуп, көзөмөлдө турган жарандардын арасында табылган. Сырттан келген жарандардын арасында 7 кишиден коронавирус аныкталган – алардын ичинде жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бар. 59 учурда бейтап ооруну кайдан жуктурганы аныктала элек.

 Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2789ду түзөт. Алардын ичинен 1961 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 32 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *