Көбөйүп баратат. Дагы 74 адамдан коронавирус аныкталды

  Мезгил

Кыргызстанда 28-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 74 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн  брифингде билдирди.

 Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 594 адамга жетти.

“Жаңы учурлар Бишкек шаарында– 11, Чүй облусунда – 1, Ош шаарында – 35, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 13 учур катталды. Ошондой эле Россиядан келген курсанттардын арасынан 10 учур табылды”, – дейт ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *