Көчөнүн ортосуна заара ушаткан айдоочу жумуштан бошотулду

Мезгил

Бишкектеги №265 каттмадагы В 1924А мамлекеттик номерлүү  коомдук маршрутканын айдоочусу жолдун чок ортосунда маршрутканы токтотуп алып заара ушаткан видео социалдык тармактарда жарыяланды.

Бул окуя бүгүн эртең менен Бишкектин Иса Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинде болгон.

Белгилей кетсек, дал ушул көчөдөн  эртең менен президент Сооронбай Жээнбековдун  кортежи өтөт.

Бул окуядан кийин айдоочу жумуштан кетти. Маалыматты Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынан тастыкташты.  

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *