Көк-бөрү боюнча бардык эл аралык турнирлер эми көк-пардын эрежеси боюнча өтөт

Мезгил

Көк-бөрү боюнча бардык эл аралык турнирлер эми көк-пардын эрежеси менен өтөт.

 Мындай чечим  Астанада кечээ 14-февралда өткөн Эл аралык көк-бөрү федерациясынын конгрессинде кабыл алынды.

Ага 9 мамлекет катышып, бирок Кыргызстандын расмий өкүлчүлүгү барган эмес.

Жыйынтыгында быйыл Өзбекстанда боло турган көк-бөрү боюнча дүйнө чемпионаты жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу мелдештерде казактардын көк-парында колдонулган эрежелер бекитилди.

Булар: улакты тай казанга эмес, жерге ташталган пластиктен шакекчеге ыргытуу, аттарды такасыз чабуу, жана улактын тушунун ордуна муляж колдонуу.

Белгилеп кетсек, мындан тышкары, Көк-бөрү боюнча эл аралык федерация “Бүткүл дүйнөлүк көкпар федерациясы” деп атын өзгөрттү.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *