Көк бөрү боюнча президенттин кубогу күзүндө өтө турган болду

   Мезгил

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу эпидемиологиялык абалга байланыштуу ушул жылдын октябрь айына жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 Маалым болгондой, аталган иш-чараны уюштуруу агенттиктин спорттук иш-чаралардын планына ылайык, 2020-жылдын 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүү пландалган.

Мамагенттик мелдештин датасын жана өтө турган жерин алдын ала жарыялайт.

Белгилей кетсек, мелдештердин жүрүшү КТРК Спорт телеканалында көрсөтүлөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *