Көңүл айтуу. Журналист Эрнис Асек уулу адилетсиздиктин турмуш чындыгын терең чагылдарган сөз чебери болгон

   Мезгил

Кыргызстан коомчулугу жана кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады.  Кечээ белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу мезгилсиз дүйнѳдѳн өттү.

Эрнис Асек уулу өзгөчө стили бар акын катары бааланып, дүйнөлүк адабияттан бир топ чыгармаларды, даанышмандардын нускалуу кептерин кыргыз тилинде сүйлѳткѳн. Талыкпаган эмгеги менен кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Адилетсиздиктин, калыссыздыктын бетин аеосуз ачып, турмуш чындыгын терең чагылдарган сөз чебери болгон.

Ал белгилүү журналист гана эмес, өз элине чындап күйгөн мекенчил инсан эле. Эрнис Асек уулу ѳлкѳдѳгү коомдук-саясый турмушка активдүү аралашып, ар дайым алдыңкы сапта жүргөн кыргыз уулдарынын бири болчу.

Оор жоготууга учурап, кайгыдан кабыргасы кайышып турган үй-бүлѳсүнѳ, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Исмаил Исаков,
Курманбек Осмонов,
Бекболот Талгарбеков,
Бөдөш Мамырова,
Турсунбай Бакир уулу,
Надира Нарматова,
Ахматбек Келдибеков,
Элмурза Сатыбалдиев,
Камчыбек Ташиев,
Улугбек Ормонов,
Нариман Түлеев,
Кудайберген Базарбаев,
Марат Кайыпов,
Жаныбек Бекназаров,
Иман Кочкорбаев,
Кубанычбек Кадыров,
Равшан Сабиров,
Медербек Сатыев

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *