Күмөндөр АБЫЛОВ, КР Эл артисти: “Кайсы арыңа күлөсүң?”

Мезгил

Чыныгы талантка ээ бул инсан менен маектешүү журналистке гана эмес, окурман журтчулуга да жакса керек. Биз бул сапар күлкү темасында эмес, күнүмдүк көйгөйлөрдүн темасында көрпенделик менен сүйлөшүп алдык. Ара-тородо болбой эле “куйкум кеп” куяла калып жатты. Сөздүн кыскасы, маанай көтөрдүк.

–Күмөндөр мырза, буга дейре бир-эки ирет парламенттик шайлоого катышып, саясый багыңызды сынап көрдүңүз эле. Андай дымагыңыздан кайта элексизби? Анын үстүнө аламан жарыш да жакындап калбадыбы…

–Биринчиден, менде андай (депутат болуу) дымак болгон эмес. Мен элге таанымал болгондуктан, талапкер катары рекламалашкан. Ошондуктан, тизменин аягына эле жазылып койгом. Экинчиден, быйылкы шайлоонун шайтан оюнуна катышсам дагы талапкер катары катышпайм.

–Азыр сиздердин муундагы өнөр адамдарынын чыгармаларына элибиз суусап бараткансыйт. Коомчулуктун көңүлүн Нурлан Мотуев, «Чыпалак баатыр» сыяктуу жеңил-желпи «шоумендер» бурдурганга аракет кылышууда. Дегеле азыркы элдин көңүлүн «карк кылган» номерлердин таңсыкка айланып баратышынын сыры неде деп ойлойсуз?

–Азыркы убактагы элдин маданиятка, адабиятка болгон мамилесинин майдаланып, чар-жайыт болуп бара жатышынын себеби, улуттук идеологиянын же болбосо жок дегенде мамлекеттик идеологиянын такыр эле жоктугунан деп ойлойм. Элдин башы айланып калды. Саясатчылар бир жагынан, ар кай жактан, туш-туштан кирип жаткан «коом», «уюмдар», ар кандай «агымдар», канчалаган партиялар элдин кулк-мүнөзүнөн баштап, турган турпатына чейин бузуп, бөлүп-жарып, майдалап салды. Анын үстүнө интернет деген чыкты. Китеп окуу, китепканага же театрга баруу деген жок. Жаштар түнкү клубдан, спорт залдан, мечиттен чыкпай калды. Анан кантип алар майдаланбасын?

Бизде азыр, өзгөчө ислам идеологиясы катуу киришип, саясатын жүргүзүп келе жатат. Аябай активдүү иштеп жатышат. Жер-жерлерде, маданият үйлөрүнүн так жанына же болбосо колдорунан келсе ошол клубдардын ордуна мечиттер салынган. Атайылап салынган. Себеби түшүнүктүү. Маданиятты түп-тамыры менен сүрүп чыгаруу керек! Ушул темп менен жүрүп отурсак, театр, сүрөт, музыка, балет, опера, акынчылык, төкмөчүлүк, манасчылык, комузчулук өнөрлөрүнө тыюу салына баштайт жакында.

–Өзүңүздө болгон жаңылыктарыңыздан бөлүшө кетпейсизби? Элиңизди жүрөгүн жылытып, кезектеги Кудай берген өнөрүңүздү качан тартуулайын деп турасыз?

–Концерт берүү жөнүндө азырынча белгилей элекмин. Мына бул оору-сыркоолордон тынчысак, эл деле көптөн бери тойго барбай, ыр-бий көрбөй-укпай сагынып калгандыр.

Окурмандарды бир жылмайтып койбойсузбу?

–Негизи азыркы убакта (чекара, пандемия, алдым-жуттум маселелер курчуп турганда) биздей адамдарга элди күлдүрү кыйын. Күлсө да, аягында жактырбай турганын көрүүгө болот. “Капалуунун алдынан чыкпа” дегендей, азыр күлдүрмөк тургай, күлгөн кишини жактырбай “кайсы арыңа күлөсүң?” – деген кез.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *