Көргөн сайын жүрөгүм ооруйт. Мурдагы жигитим кайын сиңдимди алып алды

  Мезгил

Саламатсыздарбы! Мен мындан 1,5 ай мурда кеңеш сурап жазган болчумун.  Интернет колдонуучулардын жазган комментарийлерин окуп, өзүм да ойлонуп Дастанга турмушка чыккам (агайым)30-декабрь күнү үйдөн алып кетти. Азыр кудайга шүгүр бактылуумун. Кайын энем бар, өтө сонун адам.    Мурдагы жигитим турмушка чыкканымда, тагыраагы 31-декабрь күнү келип үйдө жаңжал салып кетти. Күйөөмө баарын ачык айттым, ал түшүнүү менен кабыл алып унчуккан жок. Жакында окуумдан академический алып, Америкага кеткени жатабыз.

 Жер тоголок экен, уктасам түшүмө кирген эмес. 4 күн мурда ошол мурдагы жигитим, бир тууган кайын сиңдимди ала качып алды. Кайын сиңдим сыртынан жакшы, акылдуу эле кыз. Барган жеримден кетпейм деп байкеси, апасы урушса да келбей койду. Мен жеңе болуп бардым, баары бир ичимден кыжаалат болуп аттым. Күйөөсү (мурдагы жигитим) келип мага, “дайыма жаныңда болом, бактылуу күндөрүңдү көрүп турам, өзүмдүкү менен да бөлүшөм”- деп башкача жылмайып койду. Кайын сиңдим мени менен сүйлөшүп жүргөнүн билбейт, эч кимибиз айткан жокпуз. Кайын энем  да эч нерсе айттырткан жок. Ал бала да колунда бар, жакшы үй бүлөдөн.  Түркиядан жумуш табылып, алар дагы чет жака кеткени жатышат.

Эми кандай болот, мага өчөшүп кылган болсочу. Бирок мен күйөөмдү жакшы эле көрүп баратам, ата-энем да абдан кубанып жүрүшөт, эмне кылсам? Күйөөм менен сүйлөшүп  кийин түшүнбөстүктөр болбош үчүн  кайын сиңдиме баарын айтып түшүндүрсөмбү.  Коркуп атам, 4 күндөн бери бир башкача болуп жүрөм, күйөөм да ошол абалда.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *