Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат

Мезгил

Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу президент бүгүн Жалал-Абад облусунда элдер менен жолугушуу учурунда билдирди.  

 Президенттин айтымында, мындай чечим саясий жана коомдук ишмердин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагына кабыл алынды.

“Биздин өлкөнүн бардык ГЭСтерин курууга катышкан Кыргыз Республикасынын Баатырлары Акбаралы Кабаевге, Курманбек Арыковго өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда дагы бир ардактуу ардагерибиз — Турдакун Усубалиевичти эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис.Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды” деди өлкө башчы. 

Эске салсак, буга чейин Турдакун Усубалиевдин урматына Бишкектеги Эски аянтты, Мамлекеттик тарых музейин жана көчөлөрдү атоо сунушталган.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *