Күрсүлдөгөн Туй байке “Республиканын” арты менен аламанга аттанды

   Мезгил

    Кадимки Туйгуналы Абдраимов бул сапар бийликчил партиялардан эмес, Бабановдон мураска калган партия менен шайлоого карай аттанды. Өзү эле эмес, бул топко саясаттагы жакын санаалаш үкасы, экс-губернатор Узарбек Жылкыбаевди да тартып, болгондо да тизменин сап башына жайгаштырганга жетишти. Табиятынан шар жүргөн, ара-тородо оргу-баргы кадамдары менен көпчүлүктүн назарына илинген, жалпы элге “Туй байке” каймана аты менен таанымал болгон Абдраимовго мандат бактысы буюрса парламенттеги белдүү депутаттардан болооруна шек жок. Жогорку Кеңешке илинип калса президентке чейин “тиш салаарын” бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Тоготпогон жүрүшү менен далайдын ичинен чыгат го?  

Мезгил ньюс   

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *