Көсөнүн акылы түштөн кийинби же келечегибизди ойлобогон ачкөз белек?

Мезгил

Кен байлыгыбыз туруп эмне үчүн кембагал өлкө болушубуз керек?

Талас облусунда жайгашкан Жерүй кенин казууда келишим боюнча Кыргызстандын үлүшү жок. Үстүбүздөгү жылдын 1-январында Коопсуздук кеңеш тарабынан ар бир конкурстук объектилерде мамлекеттик үлүш сөзсүз түрдө каралсын деген тапшырма берилген. Бул тууралуу Кен байлыктарды лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Кубатбек Үсөнов айтып берди. Ал:

“Тийиштүү мыйзамдар даярдалып, макулдашуудан өтүп жатат. Мындан ары мамлекеттик мааниге ээ болгон тоо кен тармагындагы казууларда мамлекеттик үлүш сөзсүз түрдө каралат. Азырынча “Жерүйдө” мамлекеттин бир да пайыз үлүшү жок. Учурда бир гана“Альянс Алтын” ЖЧКсында мамлекеттин 100% үлүшү бар. Ал “Чыгыш геочалгындоо” компаниясынын жардамчы ишканасы болуп саналат”, – деди.

Мындан улам суроо туулат экен, биз буга чейин келечекти ойлобогон ачкөз белек? Кен байлыктарды казуу лицензияларын ченебей туруп, оңду-солду тараттык. Башкасын айтпаганда да бир эле кишиге 41 лицензия берилип кеткен. Эми төө кыядан өткөн соң, түштөн кийин эсибизди жыйнап олтурабызбы? Деги бизде мамлекеттин келечегин ойлогон жан барбы?

Башкалар кенин кантип иштетет?

Монголияда алтын кенин казууда мамлекеттин үлүшү сөзсүз түрдө каралат. Лицензия алган компанияларга болсо өзгөчө талаптар коюлган. Алыска барбай эле Россияны ала турган болсок, алар Сибирдеги алтын кендерин изилдөөдө 2-дүйнөлүк согуштан кийин туткунга түшкөн жоокерлерди пайдаланышкан. Чалгындоо жүргүзүлгөн алтын кендери карталарга түшүрүлүп, алар жашыруун түрдө сакталып келген. Орус окумуштуулары, партбосстор ошол кезде эле өлкө келечегине кам көрүшүп, аны иштетүүнү келечек муундар үчүн калтырып коюшкан экен. Учурда бул кендер “Мобул кенде мынча запас бар, геочалгындоо жүргүзүлгөн” деп туруп жеке, мамлекеттик же айрым чет элдик компанияларга иштетүүгө берилип келет. Ал эми пайданын ири үлүшүн мамлекет көрүп келет.

А биздечи? Эми ойгонуп жатабызбы? Кен байлыгыбыз туруп, кембагал өлкө болууга укугубуз жок?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *